Саясат

Курманбек Бакиев Александр Лукашенкодон 70 соток жер белекке алды. Резиденциянын жанынан

Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко Минск деңизиндеги «Заславль-2» резиденциясынын жанынан Курманбек Бакиевге 70 соток жер бөлүп бергенин билдирген TUT.BY порталы.

45 соток жер тээ ала жазда эле К. Бакиевге өмүр бою пайдаланууга бөлүнгөн. Бул аянтта жеке анын чарбасы жайгашат. Мындан тышкаары дагы 25 соток жанаша жер ага там салууга жана аны тейлөөгө берилген.  

Минск деңизинин жээгиндеги жери.

Участоктор Миноблисполком тарабынын «Кызматтык пайдалануу үчүн» деген гриф менен бөлүнгөн. Бул чечим Белоруссиянын президенти А. Лукашенконун 2019-жылдын декабрындагы резолюциясынын негизинде ишке ашырылган. (Кыязы Белорссиянын президенти 70 соток жерди К. Бакиевдин 70 жылдык мааракесине белек кылган түрү бар).

К.Бакиевдин үй-бүлөсү Белоруссиянын улуттук  биотехнологиялык  корпорациясында да (БНБК) үлүшкө ээ – Минскинин четинде коттедждери бар жана борбордун өзүндө да жер участогуна ээ. Ал эми БНБКнын директору Даниил Урицкий Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөнов экени белгилүү болгон.

Белоруссиянын улуттук  биотехнологиялык  корпорациясы (БНБК)

Эсиңерге сала кетсек, Кыргыз Республикасынын башкы прокуратурасы козгогон кылмыш иштери боюнча К. Бакиев жана анын качып жүрүшкөн туугандарына, Данияр Үсөновго Кыргызстандын сот органдары тарабынан катаал өкүмдөр чыккан.

Аталган жарандар азыр издөөдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button