(Видео) Парадга катышпай калган солдат ызаланып мылтыктын кундагы менен автомашинаны талкалай баштаган
Бул видеодо улуу жеңиштин 75 жылдыгына карта 24-июнда Москвада өткөн парадга катышуудан четтетилгендигине ызаланган солдат Николай Еременко, мындай акыйкатсыздыкка нааразы болуп, федералдык күзөт кызматынын автоунаасынын айнегин мылтыгынын кундагы менен талкалай баштаганда, күзөттө тургандар келип кармап калышкан, деп билдирген РБК.
Окуянын чоо-жайы боюнча, Николай Еременко парадга даярдануу убагында репетициялардын баардыгына тең катышкан. Бирок, парад өтө турган күнү эртең менен өзү кырдуу дагы бир солдат экөө жакалаша кеткендиктен, аны дароо эле резервдик бөлүккө которуп, парадга катышуудан четтетип салышкан. Ушуга катуу ызаланган солдат, парад башталаардын алдында, эртең мененки саат 9. 45те федералдык күзөт кызматынын автоунаасынын терезесин талкалай баштаган.
Бул хулигандык кылыгы үчүн солдат Николай Еременкого кылмыш иши козголгон жок, тек гана ал түшүнүк кат жазууга мажубур болгон.



