Окуялар

Ырчы Асель Кадырбекова жол кырсыгына кабылып, ооруканада жатканы айтылууда (ВИДЕО)

Бишкекте, бүгүн, 26-июнь күнү Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу маалымдады.

“Бүгүн саат 15:30дар чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде ГБР кызматынын унаасы менен “Тойота Камри” унаалары сүзүшкөн. Учурда унаалар айып короого токтотулуп, териштирүү иштери жүруп жатат. ГБРдин унаасынан 2 киши, “Тойота камри” унаасынан 1 киши, жалпы 3 киши жаракат алып, ооруканага жеткирилген”, -деди ал.

Ал эми окуянын күбөлөрүнүн айтымында ГБР атайын тобунун кызматтык унаасы “Хонда Одиссей” унаасы катуу ылдамдыкта “Тойота Камри 50″ унаасын сүзгөн. Атайын кызматтагы унаанын айдоочусу салондо кыпчылып калган абалы оор. Экинчи кызматкер дагы жабыркаган. Ал эми сүзүлгөн унаадан аял киши жабыркаган. Аларды “Тез жардам” унаасы ооруканага алып кеткен.

Ошондой эле жабыркагандардын арасында белгилүү ырчы Асель Кадырбекова бар экени айтылууда. Муну ырчынын кесиптештери тастыкташып, азыркы тапта ырчы Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда (№4-оорукана) экенин маалымдашты.

Булак: Барс-Медиа

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button