Маданият

(Видео) Кечээ аварияга учураган ырчы Асел Кадырбекованын абалы оор. Комада жатат

Ырчы Асел Кадырбекова жол кырсыгына кабылып, оор абалда эсине келе албай ооруканада жатат. Бул туурасында Sputnik агенттигине Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирген.

«Абалы оор, комада жатат. Мээси катуу жабыркап, моюн омурткалары менен акыреги сынып кеткен. Дарыгерлер түнү бою өмүрү менен алышты. Дагы деле эсине келе элек. Томография, рентгендерди жасадык. Убакыт керек, азырынча эч нерсе айта албайбыз. Комадан чыгып кетсе операция жасалат», — деди дарыгер.

Эсиңерге сала кетсек, кечээ 15:30дар чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде ГБР кызматынын унаасы менен “Тойота Камри” унаалары сүзүшкөн. “Тойота Камри” автомашинасындагы ырчы Асел Кадырбекова, оор абалда тез жардам менен ооруканага жеткирилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button