Коом

Президенттин Аппаратынын дагы 9 кызматкеринен коронавирус аныкталып, жалпы ооругандар 17ге жетти

Жакында эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын 8 кызматкеринен коронавирус инфекциясы аныкталгандан кийин, бардык кызматкерлер илдетке карата анализ тапшырышты.

Алардын жыйынтыгы боюнча дагы 9 кызматкерден, анын ичинде Аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиевден дагы коронавирус инфекциясы бар экени тастыкталды.

Бүгүнкү күндө Президенттик Аппараттын илдетке чалдыккан кызматкерлеринин жалпы саны 17 болду.

Алардын баары үй шартында обочолонуп, медиктердин кеп-кеңештерин алып жатышат жана алыстатылган тартипте иштерин улантышууда. Оорунун белгилери  ар кимде ар түрдүү өтүүдө,  абалдары канааттандырарлык.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button