Окуялар
(Видео)Бишкек-Ош трассасында жол кырсыгынан бойго жете элек алты жаш бала мерт болду

Бүгүн Бишкек – Ош трассасында Lexus RX350 унаасы менен жүк ташуучу унаа кагышып, алты киши көз жумду.
Кырсык бүгүн эртең менен Сосновка айылына жакын жерде катталган. Бул кырсыкты Telegram-канале «Короче» видеосун тартып алып, интернетке жүктөгөн.
Маалыматка ылайык Lexus унаасынын айдоочусу рулду башкара албай каршы тилкеге чыгып кеткен да, Бекетай айылына жакын жерде келе жаткан чоң унаа менен сузүшкөн. Кырсык катталган жерден алты адам каза болгон. Баардыгы Lexus унаасында болгон деп айтылат маалыматта.
Ал эми жол кыймылы күзөтүнүн айтымында унаанын ичиндегилердин баардыгы бойго жетелек жаш балдар экени айтылууда
Бул факты боюнча Жайыл РИИБси иликтөө иштерин жүргүзө баштады.



