Адис эскертет: Тоңдурулган азык-түлүктөрдө коронавирус 20 жылга чейин жашайт

Кытай медиги, доктор Ли Ланьцзюань коронавирус суукка өтө чыдамдуу экенин, ошондуктан тоңдурулган эт жана деңиз азык-түлүктөрү сатылган базарларда бул тумоо бир нече жолу чыкканын айтат. Бул туурасында РИА-Новости жазып чыкты.
Анын сөзү боюнча, 4 градус суукта вирус бир нече ай жашай алат. Ал эми 20 градус суукта 20 жылга чейин жашай берет. Вирус тоңдурулган азык-түлүктөр аркылуу да келиши мүмкүн, андыктан өтө сак болуш керек деп эсептейт, кытайлык доктор.
Ли Ланьцзюань бажычылар тоңдурулган азык-түлүктөргө көзөмөлдү катуулатууга милдеттүү, деп эсептейт. Ошондой эле алынган үлгүлөрү КОВИДге оң натыйжа берген азык-түлүктөрдүн кайда бараарын катуу көзөмөлгө алуулары зарыл дейт. Андан ары болсо, анын пикири боюнча, бажы кызматы өлкөгө киргизилип аткан товарларды жана кишилерди өтө кылдат текшерүүгө алуулары керек деп санайт, анткени алардын баары коронавирусту алып жүрүүчүлөр болуп калуулары мүмкүн.
Эскерте кетсек, Кыргызстанга Кытайдан, Россиядан көптөгөн тоңдурулган тооктун эттери, төштөрү, ж.б. да толтура товарлар келип турат.



