Маданият

Ырчы Асел Кадырбекова өз алдынча дем ала баштады

Ырчы Асел Кадырбекова 26-июнда катуу жол кырсыгына учурап, оор абалда тез жардам менен ооруканага жеткирилген. Доктурлар ырчынын мээси чайкалып, моюнунун омурткалары менен акыреги сынып кеткенин айтышкан. Ырчы эсине келгенде (комадан чыкканда), операция жасалаарын билдиришкен. Эми болсо Аселдин саламаттыгында жылыш байкалган: жасалма дем алдыруу аппаратынан ажыратылып, өз алдынча дем ала баштады. Бирок дагы эле эсине келе элек. Комада. Бул туурасында Спутник-Кыргызстан маалымат агенттигине Бишкектегеи травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирген.

«Алгач жасалма дем алдыруу аппаратында эле, азыр өзү эле дем алып жатат, бирок эсине келе элек. Буту-колу акырындан кыймылдай баштады, бирок муну мээ башкарган жок. Ошол себептүү дары менен уктатып кармап жатабыз. Кан басымы, жүрөгүнүн согушу кудайга шүгүр, жакшыраак. Негизи абалы оор, бирок туруктуу. Жаңы түшкөн учурга салыштырмалуу кичине жылыш бар», — деди профессор Жумабеков.

Ал эми Асел Кадырбекованын жубайы, ырчы Нурлан Насип, ичкени ирим, жегени желим болуп, өмүрлүк жарынын сакайып кетишин Кудайдан миң мертбе тилеп турган чагы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button