Маданият

Караганда театрынын директору коронавирустан каза таап, сөөгүн бейитке эки гана киши көмдү

Бул тууралуу Казактардын “Көчмөн” (“Кочевник”) фильмин тарткан атактуу кинорежиссер Талгат Теменов,  кыргыз кинорежиссеру Бакыт Карагуловдун каза тапканына байланыштуу көңүл айтып, Кыргызстандагы жакшы санаалаштарына телефон чалганда айткан.

Караганда театрынын директору Сансызбай Бекболатов

Кинорежиссер кечээ Караганда театрынын директору Сансызбай Бекболатов коронавирустан каза тапканын билдирген. Баарынан кейиштүүсү, Казакстандын белгилүү театр ишмеринин сөөгүнө эч кимди жолотпой, эки гана киши алып барып көөмп салды, деген ал. Коронавирустан каза тапкандарды өзүнчө мүрзөгө, номер менен гана коюп жатканын, азырынча бейити кайсы экени айтылбасын, кийин жарым жыл өткөндөн соң гана үй-бүлөсүнө ошол номер бериле турганын кейүү менен белгилеген.

Бүгүнкү эпидемиянын катаал чындыгы ушундай.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button