Маданият

Ырчы Айгерим Расул кызына көп балалуу болууну сунушташты

Ырчы Айгерим Расул кызы Инстаграмм баракчасына азыркы тапта аялдар канча балалуу болушу керектиги тууралуу суроону салды.

“Архивден ушундай сурөттү таап алдым. Мен үчүн кош бойлуу мезгилде эч убакыт өтпөйт. Күн санап, бир жума өтсө сүйүнөт элем. Көпчүлүк апалардан, эжелерден угуп калам “Ии жаштык кылган экенмин көп-көп төрөп алсам болмок экем. Аябай өкүнөм. Сен жашсың удаа-удаа төрөп ал. Убакыт бат эле өтүп кетет жаштык, карьера убактылуу эң башкысы көп баланын энеси болгон чоң бакыт” деп. Туура дечи, бирок, балалуу болгондон мурда чоңойтуп алыш алда канча талыкпаган эмгекти, убакытты талап кылат. Бул чоң жоопкерчилик өмүр бою эне менен! Айтаарым ар дайым аялзатын сыйлайлы, барктайлы. Ар бир энеге таазим!
Негизи эле сиздин оюңузча аялзаты канча жашта жана канча балалуу болуш керек?” деген суроону салды.

Ырчы Айгерим Расул кызынын бул суроосуна  анын күйөрмандары көп балалуу болуусун сунушташты.

Эскерте кетсек, кыргыздын сулуу айымдарынын бири, ырчы Айгерим Расул кызы эки баланын энеси.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button