Дүйнө

Казакстандын жаңы саламаттык сактоо министри элге кайрылып катуу чаралар киргизилет деди

Коронавирусту жайылтпоонун алтын эрежеси катары, Казакстандын жаңы саламаттык сактоо министри Алексей Цой беткап тагынууну, мээлей кийүүнү, колду самындап жууп турууну, социалдык дистанцияны сактоону, көпчүлүк чогулган жерге барбоону, ошондой эле кучакташуудан, колу алышуудан баш турууну эскертти. Министр ушул эрежелер адамдын өмүрүн сактап калаары баарына белгилүү деди.Бирок, тилекке каршы, казакстандыктар буларды элес алышкан жок, натыйжада инфекция адамдардын арасында күчөп жайылып жатат. Бул туурасында 30-июнда NUR.KZ маалымат агенттиги кабарлады.

Цой казакстандыктарга кайрылып, коронавирустун активдүү жайылып жаткандыгына байланыштуу, өлкөдө кээ бир кошумча чараларды кабыл алууга туура келет деп билдирди. Анын пикири боюнча бул чаралар инфекциянын “таркоо чынжырын” үзөт да, эпидемиологиялык абалды турукташтырат. Өкмөттүн кандай чараларды кабыл алаарын деталдаштырган жок, бирок тандоо карантин менен катаал чектөө чараларынын ортосунда болоорун эскертти. Эки вариант тең мамлекеттик комиссия тарабынан каралып жатат, тыянагы жакыкы аралыкта жарыя кылынат деди. Мурдараак Цой Казакстан бара турган үч сценарийди атаган. Биринчиси боюнча эч кандай кошумча чаралар кабыл алынбайт – анда эпидемия күн санап мындан да катуу тарай баштайт. Экинчи жана үчүнчү варианттарда эки же төрт жумага катуу чектөөлөрдү  киргизүү каралган. Саламаттык сактоо министри мындай чараларды бир айга киргизүү керек деп эсептейт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button