Маданият
(Видео) «Алгачкы сүйүү» сыяктуу кереметтүү обондорду чыгарган Болот Тасмаев каза тапты

Белгилүү обончу, ырчы Болот Тасмаев бүгүн, 30-июнда каза тапты. Бул тууралуу ырчынын кесиптештери кабарлашканын республикабыздын массалык-маалымдоочу каражаттары билдиришти.
49 жаштагы обончу, ырчы кант диабетинен улам каза тапканы тууралуу айтылууда. Ошол эле учурда ал гемодиализ алып, бөйрөгүнөн жабыркап жүргөнү да белгилүү болду.
Обончу «Алгачкы сүйүү», «Жүзүңө», «Кусалык», «Сен билген жоксуң», «Арман жок», «Жүзүңө», «Аксынын болом кулуну» сыяктуу кереметтүү обондору менен кыргыз элине кеңири таанылган.
50 жашка чыкпай жарыкчылык менен кош айтышкан таланттын, Ала-Тоолук калкына керметтүү, кайталангыс обондору калды.



