Дүйнө
Пандемия: Дүйнө жүзүндө 10 миллион 400 миңден ашык адам тумоолоп, жарым миллион киши көз жумду
Джонс Хопкинс Университетинин маалыматы брюнча бүгүнкү күнгө карата дүйнө жүзүндө 10 миллион 400 миңден ашык адам коронавирус инфекциясына чалдыккан. Бул тууралуу HUR.KZ маалымдады.
Жер жүзү боюнча жарым миллиондон ашык бейтап бул илдеттен көз жумду. Көз жумгандардын 25%и америкалыктар. Өлгөндөрдүн саны боюнча АКШда алдыда, жугузгандары 2 миллион 700 миң бейтапка жеткен, каза тапкандары 129 миң киши. Экинчи орунда Бразилия — илдетке чалдыккандар 1,4 миллионго жетип калган, көз жумгандары 60 миңдин тегерегинде.
АКШнын башкы эпидемиологу Фаучи мындан ары өлкөдө тумоологнодорго күн сайын 100 миң адамдан кошулуп турушу мүмкүн деп айтты. Азыркы учурда АКШда күн сайын 40-45 миңдин тегерегинде илдет жуктургандар аныкталып жатат.



