Коронавирустан каза болгон. Маркумду өлүкканадан түз эле мүрзөгө алып кетишти…

Чүй облусунун Москва районунда коронавирустан каза болгон аялды жерге берүүдө 3-4 киши гана болду.
1950-жылы туулган К.Ю.дан 2020-жылдын 25-июнунда коронавируска карата алгачкы ПЧР-анализ алынган. Бирок анда илдет аныкталган эмес. Андан соӊ 29-июнда экинчи жолу ПЧР-анализ алынып, анын жыйынтыгында коронавирус илдети аныкталган. Маркум аялы менен гана байланышта болгон. Буга чейин К.Ю. дене табы көтөрүлгөнүнө 2-3 жума болгонун айткан. Ооруп баштаганда үй-бүлөлүк дарыгерлерди үйүнө чакырткан. Амбулатордук дарылануудан өтсө да жакшы болгон эмес.
Маркумду ооруканага жеткиришкенде анын дем алуусу кыйындап калганы белгилүү болгон.
Ал мурда жүрөк оорусунан жабыркай турганы маалым болду. Маркум аялы жана жакын туугандарынан 3-4 адамдын коштоосунда 30-июнь күнү акыркы сапарга узатылды. Бардык эпидемиологиялык эрежелер бекем сакталып, аны өлүкканадан түз эле мүрзөгө алып кетишти.
Булак: Турмуш



