Оорулууларды алып бара турган жер жок. Ыкчам медкызмат көрсөтүү Борборунун башкы врачынын айтканы

Тез жардамдын беш медиги коронавирус жуктуруп алышты. Бул туурасында 24.kg маалымат агенттигине ыкчам медициналык жардам көрсөтүүчү Борбордун башкы врачы Искендер Шаяхметов билдирген.
Анын айтуусунда линияга 34 бригада чыгып жатат. «Кайрылгандардын саны бир суткада беш миңге чейин жетүүдө. 29-30-июнда пневмонияга байланышкан 138 чакыруу болгон. Ал эми 30-июндан биринчи 1-июлга караганда — 63 чакыруу келген. Машина жетпей жатат», — деп белгиледи Искендер Шаяхметов.
“Резервде дайыма беш-алты автомобиль бар, бирок медиктер жетишсиз болуп жатат. 47 медик ооруп атышат. Бешөөнөн COVID-19 аныкталды”, деп айтты Искендер Шаяхметов.
Андан сырткаары пневмония менен ооругандарды ооруканаларга жаткыруу абай чоң проблема жаратууда. «Ооруканалардан бизге берилип жаткан орундар түшкө чейин эле толуп калып жатат. Оорулууларды алып бара турган жер жок. № 6 – оорукана албайт, кыргыз –түрк ооруканасы дагы албайт. Бүгүн түштөн кийин гана белгилүү болот, Республикалык инфекциялык клиника кабыл алабы, же жокпу. Ооруканалар пневмония болгондор менен тез эле толуп калып жатышат», — деп белгиледи Искендер Шаяхметов.

Пневмония — коронавирус менен ооруп жаткандын белгиси, деп баса белгиледи ал.
Реанимацияларда орун жетпей жатат, деп түшүндүрдү врач. «Кечээ № 1-ооруканага чалып, оор абалдагы оорулуум бар десем, жаткыра турган жер жок, реанимацияда алты артыкбаш бейтап жатат, деп мага жооп беришти», — деп тыянактады Искендер Шаяхметов.



