Казакстанда 5-июлдан тартып 2 жумага карантин киргизилет

Казакстандын өкмөтү Президентке 5-июлдан тартып эки жумага карантин киргизүүнү сунуштады. Бул туурасында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өзүнүн Twitter-аккаунтуна жазып чыкты.

Президент өзүнүн баракчасында 2-июлда ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өтөөрүн, андан соң саламаттык сактоо министри түшүндүрмөлөр менен билдирүү жасаарын жазды. Касым-Жомарт Кемелевич карантин кийин узартылып калышы мүмкүн экенин билдирди.
Эсиңерге сала кетсек, 29-июнда Казакстандын перзиденти республиканын активи менен онлайн-конференция өткөрүп, эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөн чыгарып ийишкени үчүн бир нече жетекчилерге сөгүш жарыялап, эки күндүн ичинде кайрадан карантин киргизүү боюнча пландарыңарды бергиле деп, өкмөткө катуу тапшырган болчу.



