COVID-19: Казакстанда тойго эки жылга чейин тыюу салыш керек деген сунуш түштү

Казакстандын балдарды укугу боюнча омбудсмени Аружан Саин кыргыздардагыдай эле өтө көп чыгым, аябай чоң шаан-шөкөт менен өткөрүлүп жүргөн казак тойлоруна, коронавирус пандемиясына байланыштуу 2 жылга тыюу салуу боюнча сунушун айтты. Бул тууралуу 1-июлда NUR.KZ маалымдады.
«Тойлорго 2 жылга тыюу салууну өтө олуттуу сунуштап жатамын.
Дүйнөлүк пандемияга байланыштуу жана аны Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ВОЗ) 22-жылга чейин созулат деп прогноздогонун, бул туурасында көптөгөн окумуштуулар, арасында АКШныкы дагы, ушинтип айтып жатышканын түшүнүү менен сунуштап жатамын.
Өткөн учурлардагы грипптин эпидемияларынын өнүгүү темпинин жана коронавирустун жайылуу ылдамдыгынын негизинде, окуя кандай гана сценарий менен өнүкпөсүн, кийинки бир жарым-эки жылдын ичинде COVID-19дун таралышы токтобой тургандыгын окумуштуулар айтып жатышат…»

Аружан Саин бул оюна кошумча катары Жанна Шпунердин Алматыда 30-июндагы жазганын да мисал келтирген: «Кечээ италиялык жаңы ресторанда казактардын тоюн көрдүм — маанисиз жана ыраймсыз.
Шаардын так борборунда, чак түштө.
Баары талаптагыдай — айкырган тамада, аталар-апалар, көйнөктөрү жерге чубалган кыздар.
Каратинби же локдаунбу (изоляция) — кандай атаба, пайдасы жок».



