Коом
Акыркы суткада 17 киши пневмониядан каза болду

Өлкөдө бир суткада пневмониядан 17 киши каза болгонун Республикалык штаб кабарлады.
Ага ылайык, соңку суткада 206 киши ооруканага түшүп, ушул тапта 1 247 бейтап өпкөсү сезгенип жатат. Анын ичинен 112си жандандыруу бөлүмүндө, оор абалдагылардын саны 337 болду. Каза болгондор бүгүнкү статистика менен жалпы 97ге жетти.
Март айынан бри жалпысынан пневмонияга 1 971 киши кабылып, анын айыккандар 627 адам сакайып чыккан.
Республикалык штаб өпкөсү сезгендердин коронавируска тапшырган анализдери таза чыкканын белгиледи.



