Коом
Кыргызстанда коронавирус 506 кишиден аныкталды. 10 бейтап каза тапты

Акыркы сутканын ичинде 125 бейтап ооруканадан айыгып, дарыланып чыкты. Айыкканы 2655 адамга жетти. Кыргызстанда бүгүн дагы 506 адам коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
- Бишкек шаары – 230;
- Чүй облусу – 151;
- Ош шаары – 36;
- Ош облусу – 14;
Нарын облусу – 14; - Жалал-Абад облусу – 21;
- Талас облусу – 1;
- Баткен облусу – 19;
- Ысык-Көл облусу – 25.
Ушуну менен республика боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 6 767ге жетти.
Акыркы суткада 10 бейтап каза тапты. Көз жумгандардын жалпы саны 76га жетти.



