Россия жакында Казакстанга коронавирустан дарылоочу дарыны бере баштайт

Бул тууралуу эки өлкөнүн ортосунда келишим жетишилген.
Россия коронавирустан дарылай турган бул дарыны Белоруссияга бере баштады. Кийинки планда Казакстан турат. Бул туурасында Россиянын түз инвестициялар фонду, РФнын эгемендүү фонду жана «ХимРар» компанияларынын тобу билдирди, деп маалымдады, Спутник-Казакстан маалымат агенттиги.
«Июнда эле коронавирустан дарылоочу Россиянын «Авифавир» (япончосу фавипиравир) дарысын, мурда пландалган 60 миң курстун ордуна 100 миң курс менен чыга баштады. Июндун ичинде дары Россиянын 35 аймагына жана Белоруссияга берилди. Жакынкы арада Казакстанга да бериле баштайт, бул туурасында келишимге келдик «, — деп билдирилген.
Россия тараптын жарыясына караганда, өндүрүштүк кубаттуулукту үч эсеге жогорулатуу менен, РФнын ичиндеги муктаждыкты толук камсыз кылып, андан соң дарыны эл аралык рынкко чыгара башташат.
«Авифавир» 29 -майда РФнын саламаттык сактоо министрлигинин каттоосунан расмий өтүп, күбөлүк алган, коронавирустан дарылай турган дүйнө жүзүндөгү биринчи дары. Анын составында «Фавипиравир» активдүү заты бар. Бул дармек, корнавирус инфекциясынан дарылай турган, алдын алуучу, диагностоочу методикалык рекомендациялардын акыркым 7- версиясына кирген.
Бул дармекке 50дөн ашык мамлекеттин кызыгуусу артып жатат.



