Без рубрики

Өкмөт ыктыярчы медиктер кайрыла турган номерлерди жарыялады

Вице-премьер Аида Исмаилова брифинг учурунда медиктерге жардам берүүнү каалаган адистерден турган Ыктыярчылар кыймылы ишин баштаганын билдирди.

Бул ишти вице-премьер өзү жана фармаколог, далилденген медицина жана дары каражаттарын колдонуу боюнча эксперт Бактыгүл Камбаралиева тескей турганын билдирди. Алар Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте иш алып барат.

«Буга чейин ыктыярчылар уюмдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Бүгүндөн тарта Ыктыярчылардын кыймылын координациялоону баштайбыз. Медиктерге жардам берүүгө ынтызар жарандар биз менен байланышыңыздар», — деди Исмаилова.

Ага ылайык ,ыктыярчы болууну каалагандарды Бактыгүл Камбаралиеванын 0555 00 50 44 телефон номерине чалып же WhatsApp мессенжерине жазууга чакырды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button