Дүйнө

Өмүрбек Бабанов пневмонияга чалдыккандарга жаңы оорукана ачты

Бишкектеги Discovery мейманканасында пневмония менен ооруган жарандарга убактылуу бейтапкана ачылды. Бул тууралуу «Республика» партиянын лидери Мирлан Жээнчороев айтып чыкты.
Анын айтымында, 40 бөлмөлүү мейманкананы «Республика» партиясынын экс-лидери, азыркы бизнесмен Өмүрбек Бабанов ижарага алган.
«Ал 5 дарыгерге, 15 медайымга айлык бөлүп берет. Ошондой эле аларды үч маал тамак менен камсыздайт. Бөлүмдөр күн сайын дезинфекцияланып турат», — деп билдирди Мирлан Жээнчороев.

Мейманканадагы бейтапкана  30 кишиге ылайыкталган. Бул тууралуу   соцжеледе мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов өзү билдирди.

Андан тышкаары республикадагы ооруканалардын 700-800 врачынын банктык эсептерине 5 миллион сом которгонун айтты. Врачтар 10 миң сомдон, медайымдар 5 миң сомдон ала турган болушат, деди ал.    

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button