Санитардык эреже сакталбаган Ош базары. Эл качан сактанганды үйрөнөт?

Кыргызстанда, өзгөчө Бишкек шаары менен Чүй облусунда коронавирус илдети жайылып, күчөп жаткан кезде баардыгын сак болууга үндөп, элдин саламаттыгын сактанууга бийлик дайыма эскертип келет.
Учурда борбордогу базарларда санитардык абал кандай экенин билүү үчүн эл көп чогулган, санитардык абалы начар деп эсептелген Ош базарын көрүүгө бардык. Ош базарында элдин саны демейдегидей эле көп. Эч кандай санитардык абал сакталган эмес. Беткап кийгени да, кийбегени да тыгылышып, жол боюнда сатылып жаткан жер-жемиштерди, азык-түлүктөрдү, тротуарга ар кандай кийимдерди илип алып сатып отурган сатуучуларды көрүүгө болот.

Ал эми жол боюнча такси айдаган айдоочулар чогулуп алышып, жанаша отуруп, кобурашып отурушат. Азыркы учурда эки өпкөнүн пневмониясы күчөп, ковид жуктургандар абдан көбөйдү, каза болгондордун саны да өсүп атат.
Ош базарындагы “Беш-Сары”, “Кыял” мекемелери тараптагы абалды карадык. Чындыгында “Беш-Сары” имаратынын тегерек четинде семичке сатып, кийим же тамак-аш сатып отурган сатуучуларды жолуктурган жокпуз. Бул имараттын тегерек четиндеги адамдар өтүүчү жолдо эч тоскоолдуктар жок. Ал эми бул имараттан арыраак басканда эле жол боюна жайылып алып жайма базар кылып, ар кандай кийим-кечек, тамак аш, суусундуктарды сатып отургандарды көрүүгө болот.

Бул базардагы имараттарда бет кап кий, аралыкты сакта деген жазуулар барбы деп көңүл да буруп көрдүк. Тилекке каршы бир гана “Беш-Сарынын” имаратында эскертүү жазылып турат. А башка жактарда карантинден мурунку жайбаракат мезгилиндей эле эч кандай эскертүү жок экенин көрүүгө болот.

-“Беш-Сарынын” жанына товар саттырышпайт, булгасак урушат, тазалыкты талап кылышат. Кароолчулар көзөмөлгө да алып турушат. Телефон саткандар эмнеге көчөгө, Ош базардын оозуна сатышат. Анткени ошол эле телефон оңдоп, телефон саткан “Беш-Сарыга” уурдалган телефондорду албайбыз, атыбызды булгабагыла деп урушат. Таштанды таштасак артыбыздан кууп жетип алдырат. Булар талапты катуу коет, ошондуктан жолдо саткан сатуучулар “Беш-Сарынын” жанына сатышпайт. Жаман көрүшөт кожоюндарын, бирок булар туура кылышат, тазалыкты, тартипти сактаган адамдарды ким жакшы көрсүн,- деди Жамгырбек Бозумбеков деген сатуучу.

Туура, азыркы тапта эл тазалыкты, социалдык аралыкты сактоо керек. Талапты катуу койбосо көнгөн эл жол боюна ары-бери өткөн адамдарга жолтоо болуп, товарларын, азык-түлүктөрүн жайып сата беришмек.
Дегеле, “Кыялдын” жетекчилиги да тазалыкка көңүл бурушу керек экен. Антпесе, коронавирустун очогу чыгып жаткан базарларга катуу тартип гана керек.

Чындыгында Ош базарындагы «Кыялдын» жетекчилиги азыркы учурдагы талаптарга , эрежелерге баш ийип, тартипти сакташы керек, антпесе азыр жайылып аткан вирус дагы да кучагын жая берет, адамдар өмүрү менен коштошо берет. Талаптарды аткаруу зарыл. Талаптарды аткарбагандарга карата чаралар көрүлүп жатат, буга кайдыгер карабайлы. Антпесе»Кыялдын» ичиндеги кир, баш аламан соода адамдардын ден соолугуна зыян.

Жыйынтыгында , Ош базарынын ичиндеги «Кыял» менен «Беш-Сарынын» тазалыгын, тартибин караган адам ал жактагы айырманы дароо байкайт. «Кыял» тарабында эл додолонуп, мыйзамсыз, жол жээгинде баардык нерселерди сатып отурушат. Ал эми «Беш-Сарынын» жанын карасаңыз, ал жакта жолдун боюнда бир да соода кылган адам жок. А мыйзам, тартип баардыгына бирдей болушу керек.



