Дүйнө

Актоо акиминин орунбасары Алдашева коронавирус пневмониясынан каза тапты

Элүү беш жашка али чыга элек Гүлжазира Алдашеванын каза тапканын анын коллегалары маалымдашты: «Актоо акиминин орунбасары  Гүлжазира Алдашева кечээ кечинде кайтыш болду. Туугандарына жана жакындарына көңүл айтам», – деп жазды өзүнүн  Facebook-аккаунтунда Нурбол Конжар.

Азамат Сарсенбаевдин айтымында, Алдашеванын каза тапканынын себеби пневмонияга байланышкан.

Маркумдун кайтыш болгонуна байланыштуу бир уюмдун пресс-катчысы, адамдар ушул кезге чейин түшүнбөй жатышат, абалдын өтө олуттуу экенин деп белгиледи. «Ага ИВЛ-аппарат же керебет жетпей  калды деп ойлоп жатасыңарбы? Же дары таба албай калыптырбы? Адамдар абалдын аябагандай коркунучтуу экенин түшүнбөй жатышат», – деп жазды ал,  өзүнүн Facebook баракчасында.

Маркум Актоонун акиминин орунбасары болуп 2019-жылдын 23-августтунан тартып иштеп жаткан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button