Коом

Россиялык адис: Кыргызстанда абал татаал экен — ооругандар көп, айрыкча жаштар

Кыргызстанда абал татаал экен, жаштар көп ооруп жатыптыр, деди РФнын А. Н. Бакулев атындагы Улуттук жүрөк-кантамыр хирургиясы медициналык иликтөө борборунун (НМИЦ) директорунун милдетин аткаруучу, профессор Елена Зеликовна Голухова.

Е. З. Голухова алардын миссиясы Кыргызстандагы азыркы эпидемиологиялык абалды баалоо деп айтты.

«Россиядан айырмалынып, биякта абал өтө татаал экен — ооругандардын саны көп, айрыкча жаштар толтура. Биз коронавирус жана пневмонияга ылайыкталып профилин өзгөрткөн, 600 жүз бейтапка ылайыкталган үч ооруканада болдук», — деп белгиледи врач.

Андан тышкаары россиялык врачтар кыргызстандык коллегалары менен «таза» жана «балит» зоналарга карата талаптарды сактоону жана уюштурууну, ошондой эле өпкөнү инвазивдүү жана инвазивдүү эмес жол менен желдетүүнүн методдорун пайдалануу боюнча бир нече консультацияларды өткөрүшкөнүн, коронавирусту дарылоо жана профилактикалоого карата сунуштарын беришкенин белгилеп өттү.

Эскерте кетсек, Россиянын А. Н. Бакулев атындагы Улуттук жүрөк-кантамыр хирургиясы медициналык иликтөө борборунун (НМИЦ) директорунун милдетин аткаруучу, профессор Елена Зеликовна Голухова баш болгон врачтары, Кыргыз Республикасына Россия Федерациясынын өкмөтүнүн тапшырмасы менен командировкага жиберилген.

Материал «Спутник-Кыргызстандан» которулуп алынды: https://ru.sputnik.kg/society/20200704/1048900277/kyrgyzstan-russia-ekspert-situatsiya-bolnitsa.html

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button