Коом
Коронавирус. Акыркы суткада дагы 283 кишиден аныкталды. 10 киши каза тапты

Кыргызстанда акыркы бир суткада дагы 283 кишиден коронавирус инфекциясы аныкталды, деп билдирди COVID-19 каршы күрөштүн Республикалык штабынын Telegram-каналы. Жуктургандардын көбү Бишкекте.
Акыркы суткада медиктер, мурдагыдай 4 миңдин тегерегинде эмес, бар болгону 1 975 гана иликтөө өткөрүшкөн. Ошондо да ушунча бейтап анкыталды.
Аймактар боюнча:
- Бишкек шаары – 162;
- Чүй облусу – 31;
- Ош шаары – 27;
- Ош облусу – 13;
Нарын облусу – 18; - Баткен облусу – 13.
- Ысык-Көл- 19.
Ушуну менен республика боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 7 377ге жетти.
Акыркы суткада 35 жаштан 81 жашка чейинки 10 бейтап каза тапты. Көз жумгандардын жалпы саны 88ге жетти.
Акыркы суткада республиканын ооруканаларынан айыгып чыккандары 88ди түздү. Жалпы айыккандар — 2802 киши.



