Кыргыз журналистикасы чоң жоготууга учурады. Журналист Бүбүкан Досалиева каза болду

Бул туурасында журналисттин жакындары кабарлашкан.
Бүбүкан Акматжан кызы Досалиева 1958-жылы 1-ноябрда Кыргызстандын Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында туулуп, ошол эле кыштакта орто мектепти ийгиликтүү аяктаган.
1976–1977- жылдары Жети-Өгүз районундагы Саруу айылындагы Куйбышев атындагы колхоздун колхозчусу болуп эмгек жолун айылда баштаган.
1977–1978 – жылдары Бишкек шаарындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин (КМУ — азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин) даярдоо бөлүмүнүн угуучусу болгон.
1978–1983 — жылдары журналистика бөлүмүндө күндүз окуган.
1983–1985 – жылдары Республикалык балдар китепканасынын библиографы, илимий-методикалык бөлүмдүн ага редактору болуп иштеген.
1985–1993 – жылдары Кыргыз ССРинин Мамлекеттик телерадиоберүүлөр комитетинин жаштар редакциясынын редактору, социалдык-экономикалык программалар редакциясынын ага редактору, шеф-редактору.
1993–1996 – жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин окутуучусу, ага окутуучусу, телевидение жана радиожурналистика кафедрасынын башчысы болуп иштеген.
1995–2010 – жылдары “Азаттык”/“Эркин Европа” үналгысынын Кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, сыналгы берүүлөрүнүн башкы редактору.
2010–2012 – жылдары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын Жооптуу катчысы.
2012–2014 – жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бөлүм башчысы.
2014–2015 – жылдары TOPNEWS.KG маалымат-аналитикалык порталынын Башкы редактору болуп иштеген.
2015–2017 — жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын ага илимий кызматкери, “Илим” маалымат-басма борборунун директору болгон.
2017-жылдан өмүрүнүн соңуна чейин «Азаттык» үналгысынын «Азаттык Медиа» мекемесинде сыналгы берүүлөрүн даярдоо продюсери, андан соң журналист болуп иштеген.
2020-жылдын 5-июлунда каза болду.
Ал пневмониядан улам кайтыш болгону айтылууда.
Бүбүкан Досалиеванын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.



