Коом
Экс-депутат Алмамбет Шыкмаматовдун жубайы пневмониядан каза болду

Экс-депутат Алмамбет Шыкмаматовдун жубайы Жанара Турдакунова эки өпкөсүнөн пневмония болуп, ооруканада каза болгондугу жакындары кабарлашты.
Маалыматта Жанара Турдакунова Улуттук госпиталдын реанимация бөлүмүндө беш күн жаткандыгы айтылат.
Эскерте кетсек, Бишкекте ооруканаларда орун жетишсиз болгондуктан бейтаптар убагында керектүү медициналык жардам ала албай калышкан. Учурда бир нече жерде бизнесмен, ишкерлер имараттардын ооруканага берип, бир нече ооруканалар ачылууда.



