Коом

ВИДЕО: Курал Чокоев пневмониядан каза болгон досун жерге берүү учурунда тартылган видео менен бөлүштү

Ырчы Курал Чокоев Инстаграмдагы баракчасына пневмониядан каза болгон досунун жерге берүү учурунда тартылган видео менен бөлүшкөн.

Ал өлкөдө абал чындыгында оор экенин айтат.

https://www.instagram.com/p/CCW9dMhg4_E/

«Бул видео менен өлкөдө болуп жаткан чыныгы окуяларды, көрүнүштөрдү айткым келди. Анткени баары эле жакшы дегени менен абал башкача болуп жатпайбы. Видео өткөн аптанын ишемби күнү Бишкекте тартылган. Досторумдун бири пневмониядан каза болуп, жерге бердик. Эртеси күнү эле каза болгон досумдун агасы да ошол оорудан кайтыш болду.
Досум өз убагында медициналык жайга кайрыла албай калган экен», — дейт ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button