Кызыл Ай коому жана ыктыярчылар дарыгерлерге жардамын көрсөтүүдө (ФОТО)

Кыргызстандын Кызыл Ай коому дарыгерлерге жана калкка колдоо көрсөтүү максатын көздөгөн ар кандай уюмдар жана активисттер кирген “Бирге” Штабынын активдүү мүчөсү болуп саналат.
Кызыл Ай коому ыктыярчылардын колдоосу зарыл болгон — үй-бүлөлүк медицина борборлоруна, дарыгерлер үчүн тамак-аш ташууга, борбор калаанын күндүзгү стационарларындагы иштерге аларды багыттоо менен Штабдын ыктыярчыларынын ишин жөнгө салып жатат.

2020-жылдын 7-июлунда Кыргызстандагы Кока-Кола менен биргеликте калаанын обсервациялык пункттарына суулар бөлүштүрүлдү.
Улуттук госпиталга, “Ганси” абабазасындагы талаа госпиталына, 1-Интергельподогу ооруканага жана жатаканага медициналык кызматкерлер үчүн өтө зарыл 4 000 даана бөтөлкө ичүүчү суу жеткирилди.

2020-жылдын 5-6-июлунда Кыргызстандын Кызыл Ай коому жакынкы күндөрдө борбордо уюштурулган күндүзгү стационарларга колдоо көрсөттү. Ушул тапта 12-кичи райондо жайгашкан Октябрь районундагы стационарга жардам көрсөтүлдү.

Жардамдар төмөндөгүдөй берилди:
— 3 тепловизор
— 10 л антисептик
— KN95 беткаптары 500 даана
— коргоочу костюмдар 80 даана
— көз айнек 37 даана
Шприц 0.2 мл 250 даана
Шприц 0.5мл 250 даана
Таштанды баштыктары 100 л — 20 даанадан 50 түрмөк
Таштанды баштыктары 15л.- 30 даанадан 100 түрмөк
Өткөрүп берилди:
Ленин районундагы күндүзгү стационарга төмөндөгүдөй жардам көрсөтүлдү:
Баштыктар -20 түрмөк
Калканча — 20 даана
Костюмдар – 20 даана
Беткаптар — 100 даана
Респиратор — 50 даана
Свердлов районундагы күндүзгү стационарга берилди:
Баштыктар — 20 түрмөк
Беткаптар — 100 даана
Респиратор – 50 даана
3-июлда Кыргызстандын Кызыл Ай коому Кытай Кызыл Ай коомунун колдоосу астында COVID19га чара көрүүнүн алкагында, Токмок аймактык ооруканасына жана КР Саламаттык сактоо министрлигине, андан ары башка структуралык бөлүмдөргө, борбор калаадагы №2 төрөт үйүнө өткөрүп берүү үчүн SV300 Biomedical Electronics моделиндеги 2 ӨЖД (өпкөнү жасалма дем алдыруу) аппаратын берди. Аталган мекемелерге жабдуулардан тышкары кошумча колдоо катары респиратордук жана хирургиялык беткаптар берилди.
Ушул тапта өлкөнүн социалдык мекемелери үчүн сүт азыктарын таркатуу дагы жүрүп жатат.

Өнөктөшү Бишкексүт (PepsiCo) ААКсы менен биргеликте Кызыл Ай коому балдар үйлөрүн, майыптыгы бар жана улгайган адамдар жашаган мекемелерди, өлкөнүн жатак үйлөрүн жана калыбына келтирүү борборлорун пандемия мезгилинде колдоону чечти. Учурда сүт продукциясы түрүндөгү жардамдарды Чүй, Жалал-Абад жана Ош областтарынын, ошондой эле Бишкек шаарынын атайы мекемелери алып жатышат.
Топтомдун ичине төмөндөгү азыктар: кефир, каймак, быштак, фругурт, йогурт жана нектар кирет. Бардыгы болуп областтар боюнча аталган областтардагы 62 мекемеге жардам көрсөтүлмөкчү

.



