Коом
COVID-19. Ысык-Көл району 10 күндүк карантинге жабылат

Ысык-Көл районунда 10 күндүк изоляцияга жабылуу акциясы өтөт. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришкен.
Негизги максат коронавирустун жайылышына бөгөт коюу жана аймактагы абалды турукташтыруу экени айтылат.
Аймактын жашоочулары ушул учурда областтын, райондун жана айылдын чегинен сырткаары чыгышпайт. Башка аймактардан, райондордон жана шаарлардан келгендер учетко алынып, үй карантининде олтуурга сунуш берилет.
Убактылуу токтото туруш керек деген жергиликтүү калыктын талабына карабастан, Ысык-Көлдүн туристтик зонасы азырынча жабылбай турганы маалым болду.



