Окуялар

Кара-Суу районунда улам той өткөргөн тойкананын ээсине кылмыш иши козголду

Ош облусунун  Кара-Суу районундагы «Баястан» тойканасынын ээсине сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Бул тууралуу Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, 7-июлда Фуркат айылында жайгашкан тойкананын чайканасында тушоо кесүү тою өткөн. Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жоруктар жөнүндө кодекстин 127-беренесинин 1-бөлүмү («Чектөө иш-чараларынын талаптарын бузуу» ) боюнча ресторан ээсине сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Ал 40 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну.

«Аталган тойкана ээсине буга чейин эки ирет эскертүү берилип айып пул салынган жана ресторан 15 күнгө жабылган. Ага карабай ресторандын чайканасында тушоо кесүү тою өткөн», — деп айтылат маалыматта.

Өзгөчө абал учурунда Ош облусунун аймагында карантиндин талаптарын бузуу фактысы боюнча 37 иш сотко чейинки өндүрүшкө алынганы кошумчаланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button