Коом

Муфтият: Кыргызстанда ар бир сөөк шарият көрсөткөн тартип, урмат-сый менен жерге берилүүдө. Жалган маалыматка ишенбегиле

“Социалдык тармактарда маркумдардын сөөгүн кабырга ыргытып жаткан видео чындыкка дал келбейт жана чагымчылык. Индия мамлекетинде тартылган видеону «В городе Бишкек. Скрытая камера»,-деп таратуу өз элине, жерине, мекенине болгон  кыянатчылык”,- дейт Кыргызстан мусулмандарынан дин башкармалыгынын басма сөз кызматы.

“Кыргызстанда ар бир сөөк шарият көрсөткөн тартип, урмат-сый  менен жерге берилүүдө. Маркумду акыркы сапарга узатууда жакын туугандары катышып, жаназа окулуп, кырдаалга жараша сактык чараларын сактоо менен коюлууда.

Урматтуу мекендештер! Азыр социалдык тармактан чет өлкөдө тартылган тасмаларды деле Кыргызстан болгондугун чаптап, ар кандай такталбаган, башкача айтканда фейк маалымат тараткандар көбөйүп кетти. Кандай гана маалымат чыкпасын биринчи маалыматтын булагын, расмий тастыкталганын аныкталган соң ишенүүңүздөрдү сиздерден суранабаз! Эгер фейк маалымат көрүп, бүдөмүк ойлор жаралса аны башкаларга бөлүшпөй, тийишттүү мамлекеттик органдардан тактаңыздар. Билбей туруп башкаларга таратуу менен адамдарга зыян жеткирип, нерви жука, ден соолугунан тынчсызданып жаткан бейтаптардын саламаттыгына олуттуу зыян алып келип алышыңызды эсиңизден чыгарбаңыз!”,- делет маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button