Маданият
(Видео) Азыркы учурдагы Кыргызстан тууралуу жүрөктү эзген ыр чыкты

Кыргызстандык пианист Никита Рыжих «Дем ал» деген, азыркы учурду баяндаган, ата-энелерден кечирим сураган, врачтарга тоодой ыраазычылык билдирген ыр чыгарды. Ырдын видеосун Телеграм-каналга жарыялаган.
«Менин Кыргызстаным, суранам, чыда! Алдыда баары жакшы болот… Кудай дайыма сени менен, сурасаң жардам берет», — деп ырдаган пианист.



