Коом

Коронавирус 552 адамдан аныкталып, илдеттен 35 адам көз жумду

Бүгүн өлкө аймагында дагы 552 адамдан коронавирус аныкталганын брифингде Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

  • Бишкек шаары – 314;
  • Чүй облусу — 124;
  • Ош шаары — 24;
  • Ош облусу — 13;
  • Жалал-Абад облусу — 26;
  • Баткен облусу — 28;
  • Ысык-Көл облусу — 6;
  • Нарын облусу — 17.

Ушуну менен республика боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 9 910го жетти. Анын 3 236сы айыгып чыкты. Ушу тапта 631 киши стационарда дарыланып жатат, 25 киши жандандыруу бөлүмүндө. Бүгүн коронавирус жуктуруп алган үч киши, пневмониядан 32 бейтап каза тапты. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button