Коом
Кыргызстанда 488 кишиден вирус аныкталып, 44 бейтап илдеттен каза болду
2020-жылдын 13-июлуна карата республика боюнча тумоологондор 488 кишиден аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Аймактар боюнча:
Бишкек шаарында – 265;
Чүй облусунда – 37;
Ош шаарында – 45;
Ош облусунда – 26;
Жалал-Абад облусунда – 51;
Баткен облусунда – 43;
Ысык-Көл облусунда – 15;
Нарын облусунда – 4;
Талас облусунда — 2.
Акыркы сутканын ичинде 15 бейтап каза болду.
Ооруканаларда бир сутка ичинде пневмониядан 29 бейтап каза болду.
Алардын ичинен 13 адам республика боюнча жана Бишкекте 16 адам.
Март айынан бери пневмониядан 452 адам, тумоодон 147 набыт болду.
Республика боюнча вирус жуктургандардын саны 11 миң 117.



