Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Жыргал Көбөгөнова дүйнөдөн өттү

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, залкар талант Жыргал Көбөгөнова көз жумду. Бул тууралуу Кыргыз улуттук академиялык Т. Абдумомунов атындагы драма театрынын жетекчилиги маалымдады.
Жыргал Көбөгөнова 1948-жылы 1-январда Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында төрөлгөн. Ата-энеси кыргыздын улуттук маданиятына албан тоодой эмгек сиңиришкен залкар таланттар: Кыргыз ССРинин эл артисттерии — Абдыашым Көбөгөнов, Сайрагүл Балкыбекова. Жыргал Көбөгөнова Кыргыз ССРинин эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, залкар талант Күнболот Досумбаевдин өмүрлүк жубайы болгон.
Жыргал Көбөгөнова 1954-жылы Фрунзе шаарынын (азыркы Бишкек) №2-орто мектебинде окуй баштаган. 4-классынан тартып Пионерлер Сарайындагы бий ийримине катышып, 1958-жылы, 10 жаштагы секелек, Москвада өткөн Кыргыз ССРинин адабияты жана искусствосунун 2-декадасында, атактуу балетмейстерлер Сапарбек Кабеков менен Нурдин Түгөловдордун жетекчилиги астында «Пахта бийин» бийлеген.
1963-жылы, 15 жашында «Союз-госцирктин» Фрунзедеги Цирк өнөрү студиясында машыгып, 1964-жылы Кыргыз цирки жаңы ачылганда биринчилерден болуп өтүп, аба гимнасты болуп иштеген.
1971-жылы Нурдин Түгөлов, Сапарбек Кабеков алгач уюшулган «Бий ансамблине» Жыргал Көбөгөнованы бийчи жана алып баруучу катары чакырышат.
Бий
ансамбли менен ССРдин бүт булуң-бурчуна, чет мамлекеттерге чейин барып, ак калпактуу
Ала-Тоо элинин искусствосун пропагандалоого активдүү салымын кошкон.
Ошол учурудагы маданият министри Күлүйпа Кондучалова Трусковецте (Украинада)
өткөн концертте, Жыргал Көбөгөнованын үнүн тембри апасы Сайракүл Балкыбекованын
өтө окшош экенин баамдап, атасы Абдыашым Көбөгөновго: «Драмалык жөндөмү күчтүү
кызыңыздын багын байлабай, Оштогу жаңы ачылып жаткан драма театрына жибериңиз. Москвадан жаңы бүтүп
келген теңтуштары менен иштесин», -деген.
1972-жылдан баштап, Ош областтык драма театрында актерлук кесипти аркалап, бир кыйла ролдорду ийгиликтүү ойногон.
Алар: К. Жантөшевдин «Курманбегинде» — Гүлгаакы, А.Токомбаевдин «Күндүн чыгышында» -Мырза айым, А.Дыйканбаевдин «Мүрөктүн суусунда» -Жуман, Б.Өмүралиевдин «Жүз катын» драмасында –Тоголок келин ж. б.
1974-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына (азыркы Кыргыз улуттук академиялык Т. Абдумомунов атындагы драма театры) которулуп, өмүрүрүн акырына чейин үзүрлүү эмгектенип келди.

Бул театрдын сахнасында көрүнүктүү образдардын галереясын жараткан:
1. К.Маликов «Бийик жерде»
— Аня
2. К.Маликов «Осмонкул» — Мария
3. А.Осмонов «Махабат» — Тентек кыз
4. К.Эшмамбетов «Эгиз бала» — Керез
5. Ш.Садыбакасов «Ак боз ат» — Лайлум
6. М.Саркисян «Бейиш макулуктары» — Зетор
7. М.Касенов «Алда жаш жубайлар ай» — Бану
8. М.Байжиев «Байыркы жомок» — Нурлан
9. С.Ахмад «Келиндер козголоңу» — Нигора
10. А.Дыйканбаев «Мүрөктүн суусу» — Жуман
11. Ж.Садыков «Манастын уулу Семетей» — Кишимжан, Бакдөөлөт
12. Ж.Садыков «Сейтек» — Нөөкөр кыз
13. А.Цагарели «Ханума» — Кабато
14. А.Аксы «Махабат жана өлүм» — Айбарча
15. Т.Абдумомунов «Жоройбайдын жоруктары» — Кемпир
16. Т.Абдумомунов «Машырбек үйлөнөт» — Алтынай
17. Э.Эрматов «Жаңыл мырза» — Энеси
18. У.Шекспир «Гамлет» — Йорг Герцогу
19. С.Ахмад «Күйөө бала» — Аназират
Кыргыз театр искусствосуна сиңирген эмгеги үчүн Жыргал Көбөгөновага 1997-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» деген ардак наам берилген.
Сөөгү 13-июлда Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.



