Кызыл-Кыя шаарында киши өлтүргөн шектүү кармалды (ФОТО)
2020-жылдын 12-июль күнү эрте менен саат 07лер чамасында Кызыл-Кыя шаарынын Пионер көчөсүндө өздүгү такталбаган эркек адамдын жансыз денеси жаткандыгы боюнча Кызыл-Кыя ШИИБне кабар түшөт.
Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат.
Окуя болгон жерге Кызыл-Кыя ШИИБнин ыкчам тергөө тобу барып төмөнкүлөрдү аныкташат: жансыз дененин аркасына учтуу нерсе менен бир канча жолу сайылгандыгы, колу бетинде ар түрдүү жарааттардын бардыгын, башкача айтканда киши колдуу болуп өлтүрүлгөндүгү аныкталып, маркум Кызыл-Кыя шаарынын 36жаштагы тургуну экендиги такталат.
Кызыл-Кыя ШИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары колго алынып, кылмышка шектүү катары мурда бир нече жолу оор жана өтө оор кылмыштар менен соттолгон, учурда Токтогул шаарындагы жаза аткаруу мекемесинен 2019-жылдын сентябрь айынан бери издөөдө жүргөн Кызыл-Кыя шаарынын 46 жаштагы И.И.аттуу тургунун кылмыштан кутулуу максатында Бишкек шаарына качып бара жаткан жеринен Кызыл-Кыя шаарындагы автобекеттен кылмыштын изи сууй электе колго түшүрүшкөн.
Ал эми маркумдун денесинен алган жараатынын аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат. Кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы



