Гүлзат Ормонбекова: Чачы жыдып таз болгон желкебиз бар, жүздөн ашык элита эркебиз бар

Эсиңерге сала кетсек, Москвада жашаган медик жердешибиз Гүлзат Ормонбекова, 19-майда ыр менен «Жигиттерге шерменде кат, жазып“боозуп” калган “килтиңдеген” жигиттерди катуу каргаган болчу. Бул ачуу чындыгы менен жердешибиз интернет айдыңына кеңири тараган. Андан кийин да ушул сыяктуу таамай жазылган, курч ырлары менен соцжеленин көңүлүн өзүнө далай ирээт бурган. Кезектеги бул ыры да азыркы кездин өтө ачуу чындыгы.

Өзүңө тың бол, элим!
Өзүбүздү өзүбүз тааный албай,
Өзүбүздү өзүбүз каарый албай,
Биз айыпты издейбиз тек өзгөдөн,
Өзүбүздү оңдоого жарай албай.
Али карап өкмөттү күнөөлөйбүз,
Али карап «бийликте-кунөө!»-дейбиз.
Оңдолууну баштабас өзүбүздөн,
Оголе бир кашайгыр жүдөө элбиз!
«Сактангыла!»-деп өкмөт айтпаганбы?
Кайта-кайта эскертип жатпаганбы?
Дүйнө эли титиреп турган кезде,
Кыргыз неге билбеген сактанганды?
«Оору жок!»-деп кыйкырып жүрбөдүкпү,
«Политика бул!»-деп да күлбөдүкпү.
Эсиң кеткен кыргыз а-а, эл үрккөндө,
Үркүп койбой, карачы күйбөдүкпү!
Медицина «ноль» болгон өлкөбүз бар,
Чачы жыдып таз болгон желкебиз бар.
Олтурушкан дал ошол желкебизде,
Жүздөн ашык элита эркебиз бар.
Өлкөбүздүн чамасын билип туруп,
Бул оорунун «карасын» туюп туруп.
Өздүгүбүз өктөмү «өзүм билем!»
Деди элдин өмүрүн «уруп » туруп!
Ал эркелер көйгөйүн элдин чечпей,
Адам деген аты бар эптей-септей,
Кайран элим өзүңө өзүң тың бол,
Илең-салаң бийликтен үмүт этпей!



