Коом

Коронавирус. Бузукуларга – саясий пайда, мамлекетке — чоң сыноо, элге – азап болду

Дүйнө эли азыркы учурда чоң сыноону, кыйынчылыкты, оор мезгилди баштарынан кечирип атат. Жер шарындагы адамзаттын башына келген бул апаат мамлекеттин элинин сабырдуулугун, элинин чыдамкайлыгын жана эл арасында кимдин ким экенин ачык көрсөтүп жатат. Россиядагы мигранттардын бири Ашырбек Сатаркулов   учурдагы абал, алданган мигранттар тууралуу ачуу чындыгын айтып берди.

Биздин эл 30 жылдан бери саясий популисттердин курмандыгы болуп келет. Популисттер өзгөчө эмгек миграциясында жүргөн жердештерибизди ар бир шайлоо алдында козутуп, ай, жылдызды алып берүүгө убада берип, жалган жакшылыкты урдуруп дайыма мигранттарды өз кызыкчылыгына пайдаланат. Кимдер гана Москва, Екатеринбург, Новосибирск чоң шаарларга барып ай асманды убада кылбады.

Короновирус таркаганда да элди дүрбөтүп, алып келебиз, Кыргызстанга келгиле деп жарым жолдо ташташты. Мына, мен деле Химкиде  иштедим. Короновирус башталганда эле эл кетебиз деп дүрбөп калды. Кетебиз дедик. Элчиликке кайрылдык. Айрымдар жөө жалаң, эмнеге илешсе ошону менен жөнөдү. Качан дебейсизби жолдор, чек аралар жабылганда. Канча азапты көрдү. Москвадагылар элчиликти басып кирип, тез аранын ичинде самолет бергиле деп жулунду.

Ошондо бир гана Кыргызстандын элчилиги мигранттарга камкордук көрүп, орус бийлиги менен сүйлөшүп жүрдү. 10дон ашуун рейстерди уюштурду. Азырга чейин кыргызстандыктар учуп келип атат. Бир нерсени айтып  коеюн, Москвадагы элчиликтерден бир гана Кыргыз элчилиги жердештерибизди учуруп жатты. Өзбек, тажик, молдован, азербайжан элчиликтери мигранттарды каякка барсаң ошол жакка бар деп, артын салып туруп алды. Биз өз көзүбүз менен көрдүк. Өзбек, тажик братандардын кыйналганын айтпа. Айрымдар “Кыргызстанга баргандан көрө, Москвада эле калалы” десе душманындай көрүп, жеп жиберчүдөй болду го. Москвадагы аферисттерге ишенип, канчасы билетине күйдү. Фальшивый билет сатып алып. Ал эми Президент, депутат болобуз деген политиктердин адамдары “Мына силерди Президент карабай койду, өкмөт талаада калтырды, силердин эч кимге керегиңер жок”  деген сөздөрдү таркатып жүрдү. Өздөрү  чырпык сайып койгон жок. Эптеп Кыргызстанган келип алып обсервацияга жатпай, тартипке баш ийбей, врачтарды сөгүп, качып кеткендер канча болду?  Вирустун жайылып жатканына биздин да күнөө бар. Баягы, бизди дүрбөткөн политиктердин бирөөнүн телефонуна чалып алалбай койдук.

Коронавирус – бузукуларга – саясий пайда, мамлекетке чоң сыноо, элге азап экен. Элдин азабынан пайда көрөлү деген саясатчыларга азыр деле эл байкуш алданып турат. Айрыкча, биз мигранттар. Бизге мамлекеттен, Президент, өкмөттөн башка эч ким чындап күйбөй турганына ишендим.  Ал эми жөн гана саясый упай топтоо үчүн биз сыяктуу мигранттарды дүрбөткөн саясатчылар 30 жылдан бери эле кыргыз элине кара шатыракты жабалактатып,биз кыйналсак, андан өздөрүнүн саясий моокумун кандырып, бийликти элге мокочо көрсөтүп жатканынын көрүп эле турабыз. Ооба, дары жок, ооба врачтар жетишпейт, ооба, ооруканада орун жок. Ага ким күнөөлүү, система күнөөлүү, ошол системада кимдер 30 жылдан бери келатат, бизге тоону, ойду убада кылган ошол саясатчылар эмеспи.

Келгиле, баарыбыз чогуу ушу аты жаман ооруну жеңели. Ушундай учурда “Бийликти кетирип, бийлик алабыз!” деп элди ызы-чууга салып жаткандар, мен айтаар элем элимдин N1 душманы, эртен эле ошого окшогондор элди дүрбөтүп чыкса эң айыккыс ооруга чалдыгабыз, ал оорунун аты – өлкөнү жок кылуу оорусу”.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button