Коом

Экономика министрлиги 2020-жылдын 1-октябрына чейин салыктык отчеттуулуктун мөөнөтүн узартууну сунуштайт

Кыргыз Республикасынын Экономика министирлиги салыктык отчеттуулукту, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчеттуулукту, ошондой эле жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча отчетторду берүү мөөнөтүн 2020-жылдын 1-октябрына чейин узартуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Долбоор кырдаалдын начарлап бара жаткандыгына байланыштуу, аймактык салык органдарында калктын жыйналуусуна жол бербөө жана Ковид-19 коронавирус инфекциясынын таралуу коркунучу менен тобокелчиликтерин азайтуу максатында, ошондой эле бизнес коомчулуктун кайрылуусуна байланыштуу сунушталдууда.

Документте бекитилгендей жеке ишкерлер жана уюмдар 2020-жылдын экинчи кварталындагы отчеттук мезгилдер үчүн жана/же 2020-жылдын 1-июнунан 31-августуна чейин жазуу жүзүндөгү арызысыз 2020-жылдын 1-октябрына чейин төмөнкүлөрдү берүүгө укуктуу:

— Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо кыйыр салыктар боюнча салыктык отчеттуулуктан тышкары салыктык отчеттуулукту;

— мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчеттуулукту;

— жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча отчетту (FORM STI-157).

Белгилей турган нерсе, токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-июлунан тарта күчүнө кирет, башкача айтканда артка карай күчкө ээ жана эгер салык төлөөчү көрсөтүлгөн убакытта (2020-жылдын 15- жана 20-июлунда) отчетторду бербесе, анда ага эч кандай жоопкерчилик чаралары колдонулбайт.

Токтом долбоору демилгеленип 2020-жылдын 10-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сайтында жайгаштырылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button