Коом

Боршайком чет өлкөлөрдө 42 шайлоо участокторунун түзүлүшүн бекитти, дагы экөө макулдашууда

Бүгүн, 15-июлда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында, 2020-жылдын 4-октябрында өтө турган КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого өлкөдөн тышкары аймактарда добуш берүүлөрдү уюштуруу үчүн шайлоо участокторун түзүү жөнүндөгү Бишкек территориялык шайлоо комиссиясынын чечими бекитилди.

Ушул этапта Кыргыз Республикасынын өлкөдөн тышкары жашап же иштеп жүрүшкөн жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча, бардыгы 42 шайлоо участоктору бекитилди (тизме тиркелет).

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын талаптары боюнча, шайлоо участоктору Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча жана аккредитация болгон мамлекеттердин макулдугу менен, чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин жана чет өлкөлөрдөгү мамлекеттик мекемелердин аймактарында уюштурулат.

Боршайкомдун жыйынында КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат боюнча департаментинин директору А. Имангазиев билдиргендей, Кыргыз Республикасынын РФдагы элчилигинин төрт канцеляриясы биринчи жолу Иркутск, Сургут, Южно-Сахалинск, Якутск шаарларында ачылып, аларда КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча шайлоо участоктору ачылат.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын көп сандаган жарандары жашап иштеп жүрүшкөндүгүнө байланыштуу дагы эки шайлоо участокторун Рим жана Париж шаарларында ачуу, аккредитация болгон мамлекеттердин макулдашуусунда турат.
Конституциялык мыйзамда бир имаратта эки же андан көп шайлоо учактоктору түзүлсө боло тургандыгы каралган. Ушул негиз менен Кыргыз Республикасынын Россиядагы элчилигинде, Москва шаарында эки шайлоо участогу ачылат.

Бишкек территориялык шайлоо комиссиясынын төрагасы К. А. Маматов эми чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын курамын түзүү керектигин белгиледи.

Бишкек территориялык шайлоо комиссиясы чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктарга, коомдук бирикмелерге, саясый партияларга участоктордогу шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү боюнча кайрылат. Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын курамы Кыргыз Республикасынан тышкары жашап жүргөн жарандардын, коомдук уюмдардын, саясый партиялардын өкүлдөрүнүн, дипломатиялык жана консулдук мекемелердин кызматкерлеринин эсебинен түзүлөт.

КР Боршайкомунун маалыматтык бөлүмү

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button