Дүйнө

(Видео) Россия: лабораториядан коронавируска каршы антитела алынды, вакцина сыноодон өттү

Коронавирус инфекциясына каршы биринчи орус вакцинасы ийгиликтүү сыноодон өтүп, илдет менен күрөшө турган иммунитетке ээ болушкан ыктыярчылар үй-жайларына кайтышты, деп билдирди Россия-1 телеканалы.

Эми ыктыярчылар 42 күндөн кийин кайтып келишип, инммунитеттин кандай иштеп атканын дагы бир ирээт текшертишет.

Россиянын саламаттык сактоо министрлигинин Н. Ф. Гамалей атындагы эпидемиология жана микробиология изилдөө улуттук борбору (НИЦЭМ) менен Россия Федерациясынын коргонуу министрлиги биргелешип иштеп чыккан бул вакцина, расмий каттоодон өткөн соң, август айында өндүрүшкө киргизилет деп болжолдонууда. Мындан тышкаары Россияда коронавируска каршы дагы 26 вакцина иштелип жатат.

Эң башкы жаңылык — Новосибирскинин окумуштуулары лабораториялык жол менен коронавирусту толук нейтралдаштыра турган антитела алышты. Бул өтө маанилүү факт болуп эсептелет. Анткени, антителанын лаброраториялык жол менен алынышы, аны менен оорулууларды эффективдүү дарылоо менен бирге эле профилиактикалык максатка да кеңири пайдаланса болот.

Эскерте кетсек, мындан бир аз мурда эле Россиянын Сеченов университетинин вакцинасы да сыноодон ийгиликтүү өткөнү маалымдалган.

https://www.facebook.com/MinzdravRu/videos/342671793389202/?t=8

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button