Нариман Түлеев: Булар эптеп пандемия менен бийлик тоголонуп калса, бийликке келебиз деген ойдо (ВИДЕО)

Экс-мэр Нариман Түлеев азыркы кырдаал боюнча жеке пикирин айтып
«Шайлоо боюнча азыр эч ким жакшы сөз айтпайт. Президент эл кыйналып жатса, эл өлүп жатса шайлоо өткөргөнү жатат деп. Эгерде бул киши шайлоону өткөрбөсө, ушул эле карап турган саясатчылар «бийликти узурпация кылып алды» деп айтышат.
Менден бир топтору «Ушул кыйынчылыкта эмне жардам берип атасың? Унчукпай эле отуруп турчу»-дешет. «Булар кетет ушу менен өзү» — дейт.
Түшүнүп атасыңбы? Мына, булар элди ойлогон жок. Бир топ саясатчылар элди ойлогон жок.
Мына, мен силерге секретти ачып коёюн: булар эптеп пандемия менен бийлик тоголонуп калса, бийликке келебиз деген ойдо.
Мына, саясатчылардын ою ушул. Айрым саясатчылардын, айрым. Ошолор айтат анан «Эмне жардам берип атасың? Акчаң көппү?»-деп. Мен айтам: «Мен акчам ашып-ташыганынан жардам берип жаткан жокмун. Мен акчаны силерге окшоп, спирт сатып, дагы бир балакет сатып тапкан жокмун. Акыркы акчам болсо да, эл менен бөлүшүп атам»-дедим. Силер болсо жаман оюңар менен отурасыңар эптеп тоголонуп кетсе баса калабыз деп.
Келбейсиңер бийликке мындай оюңар менен. Ошол эле саясатчылар «булар бийликти узурпация кылып алды» деп кыйкырып чыгат.
Үчүнчүдөн, биз азыр шайлоого жаңы метод менен барабыз. Элге баралбайт азыр эч ким, туурабы? Эл менен азыр онлайн жолугушуулар болот интернет аркылуу. Азыр ушундай оор кырдаал болуп атса, эптеп шайлообузду өткөрүшүбүз керек.
Мен, мисалы, барбайм шайлоого. Мага шайлоонун бир тыйын кереги жок. Мен жөнөкөй жаран катары айтып жатам, эгер шайлоо болбосо өзүбүз чимкириктер деп атап аткандар кайра келишет. Ушул чимкириктерди, мисалы, кара гранит ташка чаптап алышыбыз керек. Ошонун ичинен 120сы болобу, 110у болобу кара ташка байлап алышыбыз керек да, ошондон башкасын шайлабашыбыз керек, туурабы? Ошондон башкасын шайлап, жаңы өкмөттү шайлап, анан-анан чыгышыбыз керек. Булардын кылган иши бул болсо, айлык менен премиясын алып көлгө кетип калса, эл кырылып атса. Ушулар эле кайра келип эле жарым жыл отурса деп атасыңарбы. Булар кайра келсе, элди кырып салат. Ошон үчүн шайлоону убагында өткөрүшүбүз керек.
Шайлоо өтсө, кандоосу болот да, анын ичинде тандоосу да болот, туурабы. Аны эл өзү кайра эле баягы жарым бөтөлкөгө алданбай, бир бөтөлкөгө алданбай, жүз сом, миң сомго алданбай, тандашы керек. Эл билип калды, эл дагы алданып калбасын. Менин ниетим ошо. Элибиз аман болсун, ден соолукта болсун. Мамлекетибизде тынччылык болсун»,- деди ал.



