Коом

Бейтаптарга антибиотиктердин көп сунушталышы алардын мындай дарыларга көз каранды болуусуна алып келет

Бейтаптарга антибиотиктер көп сунушталып жаткандыктан, стационарга келип түшкөндө аларга акыркы муундагы резервдик антибиотиктер таасир этпей калууда.

Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору, Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы клиникалык фармакологу Аида Зурдинова 15-июлда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда  белгиледи.

Адамдардын организминин антибиотиктерге көнүп калуу көйгөйүн белгилеген Аида Зурдинова, башаламан пайдалануудан улам дары-дармектердин таңкыстыгы келип чыккандыгын кошумчалады.

Анын айтымында, баштапкы звенодогу жана стационарлардагы дарыгерлер бейтаптардын ден соолугу тууралуу айткандары боюнча дары-дармектерди интуиция менен сунушташат. Бирок, маселен, антикоагулянттар лабораториялык көрсөткүчтөр менен гана сунушталышы керек.

Аида Зурдинова баштапкы деңгээлде жана стационарларда дары-дармектерди башаламан эле пайдалана берүүнү токтотууга жардам берүүчү прокальцитонин бактериалдык инфекция маркерин колдонууну сунуштады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button