Композитор Кенжегазы Асанбаев дүйнө салды

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү композитор Асанбаев Кенжегазы Мамбетович 74 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Асанбаев Кенжегазы Мамбетович 1946 -жылы Ысык -Көл облусунун Жети -Өгүз районуна караштуу Дархан айылында туулган.
Кенжегазы Асанбаев кыргыз театрында коюлган көптөгөн спектаклдерге музыка жазып, улуттук сахна өнөрүнүн өркүндөшүнө барандуу салымын кошкон.
Кыргыздын көркөм маданият тармагынын өсүп өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери ардак наамына татыктуу болгон. К. Асанбаев Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин музыка теориясы кафедрасынын профессору, А. Малдыбаев атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты болгон.



