Европада электромобилдерди бекер бере баштады
Европа бекер электрокараларды таратып жатат. Электромобилдерди дээрлик бекер бере баштады, деп жазды бул туурасында Bioomberg басылмасы.
Азыр ушул тапта Германияда электрокараларды байланыш кызматынын наркынан да төмөн сатып алса болот, а кээ бирөөлөрүн жарандар бекер эле ала алышат.
Франция менен Германиянын өкмөттөрү электромобилдерди сатып алганга субсидияны көбөйтүүн чечишти. Мындай чечимди кабыл алуу пандемияга байланыштуу экени белгилүү болду. Электромобилдерди сатууну жогорулатыш үчүн, саясатчылар экономикалык активдүүлүктү ушундай жол менен көтөрүү максатында ушундай чечим кабыл алышты.
Субсидиянын эсебинен Германияда Renault Zoeнин аренда акысы толук жабылат. Autohaus Koenig дилердик желесинин өкүлдөрүнүн айтуусуна караганда, 20 эле күндүн ичинде мындай сунушка 3 миңден ашык киши кызыккан, алардын ичинен 300 адамы контракт түзүшкөн.



