Коом

Кыргызстан жетүүгө умтулган асыл максаттар

Ушул жумада Нью-Йорк шаарында БУУнун Экономикалык жана Социалдык Советинде жыл сайын өтүүчү министрлик обзорго биринчи Улуттук эркин обзорду презентация жасоо үчүн, КР Экономика министри С. Т. Мукамбетов, Кыргызстанда мониторинг жасоо жана баалоо боюнча Улуттук тармактын өкүлү Татьяна Третьякова, Туруктуу Өнүгүү Максаттарынын жаш элчиси Акылбек Бакытов видео – конференц байланыш аркылуу катышышты.

Жыйында Экономика министри Санжар Мукамбетов Туруктуу Өнүгүүнүн Максаттары (ТӨМ) Кыргызстанда кандай аткарылып жаткандыгы тууралуу доклад жасады. Ошол докладдын урунттуу учурлары тууралуу төмөндө айтып беребиз.

Акыркы кезде айлана-чөйрөнүн түпкүлүктүү орду, ролу климаттын өзгөрүүсүнө алып келип, анын арты менен социалдык-экономикалык өнүгүүгө да зор таасир тийгизип жатканы көз алдыбызда өтүп жатат.

Учурда мамлекет өлкөнүн бардык аймактарында жашаган адамдар таза сууга жетүүсү үчүн бардык аракетин жумшап, натыйжада калктын 92 пайызы таза суу менен камсыз болгон. Сууну өндүрүштө рационалдуу пайдалануу моделине өткөндөн тарта, чарбалык муктаждыктарга сууну майнаптуу колдонуу 17 пайызга жогорулаган.

2019-жылы Кыргызстан “Туруктуу жашоо образы жана билим” программасынын алкагындагы Глобалдуу экологиялык стратегиялардын Катчылыгынын демилгесинин 10 жылдык программасынын мүчөсү болуп калды. Ошондой эле БУУнун Рамкалык конвенциясынын Париж макулдашуусунун алкагында, мамлекет тарабынан климаттын өзгөрүүсү боюнча жаңыланууну аныктай турган улуттук деңгээлдеги салымды аныктоо процесси демилгеленген. Жашыл климат фонду тарабынан 4 гранттык сунуш колдоого алынды.

Кыргыз Республикасынын жалпы аянтынын 7,4 пайызын өзгөчө коргоого алынган аймактар түзөт. Бүгүнкү күндө өлкөдө 10 мамлекеттик корук, 13 мамлекеттик жаратылыш парктары жана 64 заказник бар. Булардын ичинен жаратылышты коргоочу төрт обьект ЮНЕСКОнун биосфералык резерваттар боюнча дүйнөлүк тармагына жана ушул эле уюмдун бүткүл дүйнөлүк табигый мурастарынын да тизмесине кирген. Жогоруда айтылгандардын бардыгы экономикадагы, экологиядагы жана социалдык өнүгүүсүз, тынчтыкты камсыз кылуусуз, укук коргоонун эффективдүү институттарысыз мүмкүн эмес эле.

2012-жылы Кыргызстан соттук-укуктук реформалардын башкы мүдөөлөрүн аныктаган. Анда көз каранды эмес сот бийлигин калыптандыруу, акыйкаттыкты орнотуунун майнаптуулугун арттыруу, сот системасынын ачык-айкындуулугуна жетишүү, адамдын укуктары менен эркиндигин акыйкат сот кепилдиги менен коргоо сыяктуу фундаменталдуу көз караштар камтылган. Мындай иштин бир натыйжасы катары 2019-жылдын башынан тарта кылмыш жана жаза боюнча жаңы мыйзамдар ишке кирди, анда соттук-укуктук системанын репрессивдүү мүнөзүнөн алыстап, адамдын укуктарын камсыздоо негизги пайдубал катары алынган. Пробация институту ишке кирип, мыйзам бузууларды каттоонун маалыматтык системалары иштеп жатат.

2019-жылы БУУнун качкындар боюнча Жогорку Комиссарынын башкармалыгы Кыргызстан жарансыздыктан арылган бирден бир өлкө болуп калгандыгын жарыялаган. Мындан тышкары 3,4 миллион жаран биометрикалык каттоодон өткөрүлдү, мунун аркасы менен шайлоонун жаңы модели иштелип чыкты. Натыйжада шайлоо болуп өткөндөн кийин эки сааттын ичинде шайлоо жыйынтыгынын 95 пайызы белгилүү болуп калууда.

Кыргызстан бүгүнкү күндө ТӨМдүн глобалдуу көрсөткүчтөрүнүн 50 пайызы боюнча отчет берүүгө даяр. 2030-жылдын Күн тартибиндеги тапшырмаларды мониторинг жасап туруу үчүн, ТӨМдүн улуттук көрсөткүчтөрү иштелип чыккан. Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстан ТӨМгө жетишүүдө адамдын өнүгүүсү үчүн чөйрө түзүү анын потенциалын ачууга жетишүү, кыргызстандыктардын бакубатчылыгын арттыра турган санариптүү экономика түзүү, инновациялык жана жаратылышка аяр мамиле жасай турган технологияларды колдонуу, ар бир аймактын өлкөнүн өнүгүшүнө татыктуу салым кошуусу, аймактарда жашаган адамдар үчүн жашоо көрсөткүчтөрү жогору, сапаттуу кызмат көрсөтүүлөргө жетишүүгө болгон аракетин жумшай бермекчи.

Андан кийин видео жыйынга катышкан ТӨМдүн жаш элчиси Акылбек Бакытов да өз пикирин билдирди. Кыргызстандын калкынын үчтөн бир бөлүгү 25 жашка чейинки жаштардан турат. ТӨМдүн Жаш элчилеринин программасы бир жыл ичинде 20 миң адамды камтып, Кыргызстандын жашоочуларына ТӨМ жөнүндө маалымат берүү үчүн 130 иш-чаралар өткөрүлдү. Эгер статистикага кайрылсак, Кыргызстандын жаштарынын маданий жактан өнүгүүдө, маалымат технологиялары жактан жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдөгү көрсөткүчтөрү төмөн экендиги белгилүү.

Ыктыярчы болуу ТӨМгө жетишүүдөгү негизги иштердин бири, Кыргызстанда ыктыярчылардын кыймылы жаңы гана өз нугун таба баштады. Бардык адамдар анын ичинде жаштар тең укуктарга, тең мүмкүнчүлүктөргө ээ экендигин баса белгиледи Акылбек Бакытов.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button