Кочкор районуна чет жердеги мекендештер жана жергиликтүү жердештерибиз чоң жардам кылууда

Мындай маалыматты Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Темирболот Абыкеев билдирди.
Март айынан бери илдетти алдын алуу жана элдин саламаттыгы үчүн бардык күчүбүздү жумшап келебиз. Мындай оор кырдаалда бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып ынтымакта колдоо кылган бардык мекендештерибизге терең ыраазычылык билдирем.
Чет мамлекетте жашап, иштеп жаткан мекендештерибизден тарта, жергиликтүү тургундарарыбызга чейин кол сунуп, каражаттарын которуп, эң керектүү делген аппараттарды, дары-дармектерди, дарыгерлерибизге атайы кийимдерди алып келип жатышат. Март айынан бери миңдеген тургундарыбызга азык-түлүк түрүндө жардамдар жеке адамдардан, коомдук бирикмелерден, ишкерлерден келди. Ошону менен катар эле дарыгерге атайы кийимдер, тийиштүү аппараттар ооруканаларга тапшырылды. Азыркы күндө район боюнча 11 айыл өкмөттө күндүзгү стационардык кабылдамалардан 32 кабылдама уюшулуп, аларга да кайрымдуу адамдарыбыздан жардамдар көрсөтүлүп келет. Маалымат катары айтсак бүгүнкү күндө район боюнча 268 койка уюштурулду. Дагы 60 койка уюштурулат.
Жалпысынан бардык даярдыктар көрүлүүдө.
Жалпы элибиз бул илдеттен ушундай биримдик жана ынтымак менен жеңебиз деген ишенимим чоң. Бардык кол сунуп, жардам көрсөткөн инсандарыбызга Кочкор элинин атынан терең ыраазычылык билдирем деди Т. Абыкеев

Кыргыз элинин башына келген бул апаатта карап турбай, колдон келген жардамын берип жаткан Кочкор районунун мыкты жигиттери да бар. Алар Аскар Жалилов жана Нурлан Бектуров. Булар районго келген дем алдыруучу аппараттардын баардыгын орнотуп беришти.
Аскар мырзанын айтымында райондогу ооруканаларга келген аппараттарды орнотуп, туташтырып кетишкен. Мындай кол билги жигиттер барган кезде 20дай аппарат келиптир. “Биз 8 орунга жасап бердик, шланг туташтырса 16 кишиге жетет экен, дарыгерлер ишибизди көрүп, абдан эффективдүү болду деп көңүлүбүздү көтөрдү. Ар бир иш аракеттерибиз элибиздин саламаттыгы үчүн жана оору менен күрөшүү үчүн” дейт Аскар мырза.

Учурда дүйнө эли күрөшүп, адамзаттын башына түшкөн апаатта кыргыз эли биримдикке келип, бир муштумдай түйүлүп, элдин саламаттыгы үчүн кам көргөнү кубандырбай койбойт.
Биримдик, ынтымак менен бул илдетти жеңебиз деген аруу тилек ар бир адамдын максаты.



