Коронавирус. Акыркы суткада 611 киши илдет жуктуруп алды, 34 бейтап каза болду

Кыргызстанда өткөн суткада коронавирусту 781 адам жеңди. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди. Бир сутка ичинде коронавирустан айыккандардын көбү Бишкек шаары менен Ош облусунда.
Ал эми акыркы суткада Кыргызстанда дагы 611 адам коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду.
Бишкек — 300;
Ош – 77;
Чүй облусу – 92;
Ош облусу — 55;
Нарын облусу – 5;
Ысык-Көл облусу – 12;
Жалал-Абад облусу – 36;
Баткен облусу — 34.
Ушуну менен коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 27 143кө жетти.
Эске салсак, 17-июлдан тарта коронавирус менен пневмония чогуу эсептеле баштаган. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму ооруларды классификациялоодо эки кодду киргизген. Тагыраагы, U07.1 коду — лаборатория тарабынан тастыкталган оору, башкача айтканда, коронавирус болмокчу. Ал эми U07.2 клиникалык жана эпидемиологиялык жактан аныкталган ооруканадан тышкаркы пневмония деп эсептелет.
Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан 34 бейтап каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.
Бишкек шаарында — 20,
Ош шаарында — 1,
Чүй облусунда — 2,
Ош облусунда — 4,
Нарын облусунда -3
Жалал-Абад облусунда — 4



